Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу, команда капитаны Азамат Байматов Бахрейндин "Аль-Риффа" футболдук клубу менен келишим түздү. Келишим 2 жылга туураланды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, футболчу буга чейин Бахрейндин "Ситра" футболдук клубунда ойноп келген.
"Бахрейнде сезон бүткөндө, өткөн жылы чемпион болгон "Мухарак" командасы менен "Аль-Риффа" командасы мени курамга кошуп алуу үчүн аракет кылышты. Буга катар Египеттен расмий сунуш алдым. Жалпысынан 3 команда чакырган. Жыйынтыгында санаалаштарым менен, үй-бүлөм менен кеңешип, "Аль-Риффаны" тандадым. Бул команданын коргонуусунда бир топ кыйынчылыктар болуп келген, андыктан мен аларга керек экенимди түшүнүп турам. Мен бул команданын лидери болуп, чемпиондук наамды багынта алабыз деген үмүтүм бар. Кийинки жылы Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна катышуу тилегибиз бар", - дейт футболчу.