Алайда катталган жер көчкү Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун жаап калды

Алай районунда катталган жер көчкү Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун жаап калды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 19-май күнү аталган унаа жолунун 70-чакырымында 4 миң метр куб көлөмүндөгү жер көчкү түшкөн. Жер көчкү жолдун жарымын тосуп калган. Учурда көчкү түшкөн жерде жолдун бир тарабы жабылып, унаа жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Жабыркагандар жок. Азыркы учурда техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан