Бүгүн, 2-апрелде өлкөдө болуп жаткан спорт жаңылыктарын “Эң мыкты, туура жана так” чагылдырган ММКлар сыйланды. Иш-чара маалымат агенттиктеринин биринде болуп, сыйлыкты ЖКнын депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова тапшырды. "Улуттук идеологияны жайылтууну улуттук оюндардан башташыбыз керек",- деген Султанбекова спорт жаатында алгылыктуу иш алпарып жаткандыгы үчүн SUPER.KG порталынын “Соңку кабарлар” бөлүмүнө да баалуу белек ыйгарды.