Борбордогу дүкөндөрдүн биринен кийим уурдоого шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды

Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринен кийим уурдоого шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Омар Т. аттуу жаран кайрылган. Ал 18-май күнү саат 16:30 чамасында белгисиз жаран борбордогу кийим сатуучу дүкөндөрдүн биринен шым жана чолок шым уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгымдын суммасы 3200 сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары жаңы конуштардын биринин 19 жаштагы Камил аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-05-20 21:33:27
Жайдан чыгып кетейин деген экен эээ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан