Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Бел-Капчал аймагында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13:30 чамасында Папан айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын Бел-Капчал тилкесинде түндүк-батыш тоо кыркасынан 4 миң метр куб жер көчкү түшкөн. "Жер көчкү айылдан 250-300 метр алыстыктагы аймакта орун алды. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.