Ооганстандын Сари-Пуль аймагында катуу жааган жамгырдан улам пайда болгон суу ташкыны 24 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 10 адамга жеткен. Учурда Кохистанат аймагында 40ка жакын адам дайынсыз жоголуп кеткени айтылууда. Мындан сырткары бир нече айылда 200дөн ашуун турак үйлөр кыйрагандыгы маалым. "Суу ташкындын кесепетинен жүздөгөн бакчалар жана миңдеген гектар айыл чарба жерлери зыянга учурады", - деп айтылат маалыматта.