1904-жылы 21-майда ФИФА Эл аралык футбол федерациясы Париж шаарында негизделген. Футбол федерациясын уюштуруу келишимине Франция, Бельгия, Дания, Голландия, Испания, Швеция жана Швейцария кол коюшуп, федерациянын биринчи президенттигине Робер Герен шайланган.
Федерация - футбол, футзал жана пляждык футболду жетектөөчү эл аралык ири орган. ФИФАнын штаб-кеңсеси Швейцариянын Цюрих шаарында жайгашкан. Дүйнөлүк масштабдагы футболдук турнирлердин бардыгы ФИФА эгидасы менен өткөрүлөт.