Бүгүн, 21-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугу ТОП-Лиганын кезектеги туру орун алды. Күндүн күтүлбөгөн жыйынтыгы "Дордой" футболдук клубунун Ош шаарында "Алайга" ири эсепте утулганы болду. Учурдагы чемпион атаандашын 4:0 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болду. Ал эми лидер "Алга" минималдуу эсепте жеңишке жетишип, 1-орунду сактап турат.
Оюндардын жыйынтыктары:
"Алай" (Ош) - "Дордой" (Бишкек) - 4:0
"Алдиер" (Куршаб) - "Абдыш-Ата" (Кант) - 0:2
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алга" (Бишкек) - 2:3
10-турдан кийин мелдеш жадыбалында "Алга" 23 упай менен биринчи келүүдө. 2-орунду ээлеп келе жаткан "Алайда" 20 упай болсо, "Дордой" 17 упай менен 3-орунда.