Сузакта “Спорт - тынчтыктын элчиси” деген ураандын алкагында окуучулар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмү уюштурган иш-чара Тарых жана маданият жылына карата спорттун волейбол, баскетбол жана футбол түрлөрү боюнча улан-кыздар арасында өткөрүлгөн.
"Иш-чаранын максаты - өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту жоюу, достукту бекемдеп, ынтымакты арттыруу, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу", - деп айтылат маалыматта.
Мелдештин жыйынтыгында ийгилик жараткан командаларга баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.