Борбор калаада күйөөсү аялы менен уруша кетип, өзүн өлтүрүүгө аракеттенип колун айнек менен кескилеп салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 22:50 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "Товарная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен жаран колун кескилеп салды" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер 45 жаштагы мас абалдагы жаран аялы менен уруша кетип, өзүн өлтүрүү максатында оң колун айнек менен кескилеп салганын аныкташкан. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.