Кыргыз жеринде туулган мушкер Дмитрий Бивол профессионалдар арасында чемпиондук курга ээ болду (фото)

Кыргыз жеринде туулуп, 15 жашында Орусияга көчүп кеткен мушкер Дмитрий Бивол 21-майда Москвада профессионалдык рингде кезектеги беттешин өткөрдү. Бул жолу ал Доминика Республикасынын өкүлү Феликс Валераны утуп, 79,4 килограмм салмакта WBA (Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиясы боюнча убактылуу чемпиондук наамга ээ болду.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, 12-раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар жеңишти Биволго ыйгарышты (эки калыс 119:107 эсебин каттаса, бир калыс 116:111 эсебин каттаган).

Кошумчалай кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 6 жашында бокс дүйнөсүнө аралашкан мушкер кезинде өспүрүмдөр арасында өлкө чемпиону аталып, өспүрүмдөр курамасына кире алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
beksbayke
2016-05-23 14:09:27
кыргыз жери бир касиеттуу жерда
+2
ofcourse
2016-05-23 14:21:43
Azamatsyn...!!!!
+1
sher.ella
2016-05-23 14:36:17
Кордунорбу баары эле кыргызстандан чыккан ура!!
+1
rukopashnik
2016-05-23 14:54:05
аты эле орусча болбосо,кыргыз окшойт ..
эркек
0
Omush94
2016-05-24 00:53:57
Бул жигит ошондо каяктын атынан чыкты кыргызстанбы же?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан