Бишкекте "жаранды ур-токмокко алып, милиция кызматкерин кыш менен урган" деген шек менен 38 жаштагы шаар тургуну кармалды

Бишкекте "жаранды ур-токмокко алып, милиция кызматкерин кыш менен урган" деген шек менен 38 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 22 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен мас абалдагы белгисиз адам аны ур-токмокко алганын билдирген. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери аталган жаранды кармоого аракет кылганда аларга каршылык көрсөтүп, алардын бирин кыш менен уруп салган. Иликтөө иштеринин алкагында бейбаштыкка шектелип кармалган жаран 38 жаштагы И.А. аттуу шаар тургуну экени аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан