Алматы-Бишкек унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 7 адам каза тапты

Алматы-Бишкек унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 7 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ Жамбыл районунун Актерек айылында Алматы-Бишкек унаа жолунун 109-чакырымында орун алган. Анда Форд Фокус жана Хонда Элисон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада 5 адам оор жаракаттарды алып, окуя болгон жерден каза тапкан. Дагы эки адам ооруканага жеткенде каза болгон.

"Экинчи унаанын 45 жаштагы айдоочусу жана 36 жаштагы жүргүнчүсү учурда ооруканада. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Форд Фокус унаасынын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, Хонда унаасын сүзгөн. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан