Ош шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, сот имаратын, үйлөрдү жана гүл сатуучу жайды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда саат 18:00дөн 21:00гө чейин нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ош шаарынын айрым аймактарында сел жүрүп, мамлекеттик ишканаларды жана жеке менчик турак жайларды суу каптап, жер төлөлөрүнө суу кирген.
"Араван кичи районунда гүл сатуучу жайда сел жүрүп, жолдун эки жагына cуу өтүүчү түтүкчөлөргө акыр-чикир толуп калгандыктан, суу ашып үстүнөн аккан. Ленин көчөсүндөгү Ош шаардык сотунун имаратынын жер төлөсүн толугу менен суу каптаган. Курманжан датка көчөсүндөгү №142, 226, 228, 244, 246-үйлөрүнүн жана Гагарин көчөсүндөгү №15-үйдүн жер төлөлөрүн ылай суу каптаган. Ошондой эле Ленин көчөсүндө драма театрдын жанындагы 2 турак жайдын ичин, Калинин көчөсүндө 1 турак үйдү суу каптаган. Аталган даректерге КРнын ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, сел суусун өз нугуна түшүрүп, сууну сордуруу жана тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Тазалоо иштери бүгүн да улантылмакчы",- деп айтылат маалыматта.