Ысык-Ата районунда дөңгөлөктөрдү кайра жасап чыгаруучу цехтен өрт чыгып, 150 дөңгөлөк күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында дөңгөлөктөрдү кайра жасап чыгаруучу цехтен өрт чыкты. Аталган цехтин короосунан болжол менен 150 даана дөңгөлөк, цехтин 3 терезеси жана 2 эшиги күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыз мамиле себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан