Борбор калаада айдоочу 13 жаштагы окуучуну сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 11:57 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер өспүрүм кыздын баш мээси чайкалып, башынан, сол колунан жана оң бутунан жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.