Аргентинада футболчу оюн маалында жан берди

Аргентинада "Villa Elisa" жана "Defensores de Colon" командаларынын ортосундагы футболдук беттеш трагедия менен аяктады. Оюнчулардын бири майданда жан берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Villa Elisa" командасынын оюнчусу Микаэль Фаврени оюн учурунда атаандашы бетке тээп алган. Андан кийин футболчу ордунан туруп, калыска нааразычылыгын билдирген. Көп өтпөй эки команданын өкүлдөрү топтолушуп, чыр чыккан. Жыйынтыгында атаандаштын дагы бир оюнчусу Микаэль Фаврени моюнга чапкан. Натыйжада ал жыгылып, дарыгерлердин жумшаган аракети текке кетип, оюнчу көз жумган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аргентинада футболчу оюн учурунда жан берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ere
2016-05-24 13:18:05
Шумдугун кургур чыр кылбай калыс калыстыгын кылса мындай трагедия болмок эмес
+6
nurik11-29
2016-05-24 13:23:39
тушунуксуз болуп атат,Микаель атаандышыбы,же атаандашынбы?
-2
Musabaeva.
2016-05-24 13:41:08
nurik11-29, конул буруп окусаныз, атаандаштары тарабынан сокку алып, коз жумду ((
+2
barpy
2016-05-24 13:38:23
Окуя коз ачып жумганча болуптур.. Биринчи сокку катуу болгон го...
+2
hann
2016-05-24 14:16:40
Бул да кырсык да. Эч ким ойлобосо керек олуп калат деп.
+1
AIZAD
2016-05-24 15:09:18
Ажал жетсе бат эле... (((
0
Ajara95
2016-05-24 20:10:24
Каттуу деле сокку жебегендей,ажал жеткен экен да
0
alik00
2016-05-25 10:47:25
Окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан