Москвада "кыргыз кыздарына маяналуу жумуш таап берүү шылтоосу менен жолугушууга чакырып, аларды зордуктап, тоноп жүргөн" деген шек менен Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Ош облусунун Ноокат районунун 1994-жылы туулган Батыржан уулу А. 14-майдан 15-майга караган түнү Москва шаарындагы Варшава шоссесинин аймагындагы темир жолдон кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында убактылуу эч жерде иштебеген кылмышка шектүү кыргыз кыз-келиндерди жумуш издеп жарыя берген кыргыз тилдүү бир нече сайттар аркылуу таап, алар менен байланышып жүргөнү аныкталган. Ал эми жолугушууга келгендерди темир жол аймагына алып барып зордуктап, тоноп, андан соң изин жашырып кетчү.
"Ал кыз-келиндерди айлыктары 30-40 миң рубль болот деген убада менен Москвадагы ресторандардын бирине жумушка чакырчу. Кылмышка шектүү жумуш кечки нөөмөттө деген шылтоо менен жолугушууларды кечки убакытка дайындачу. Жабырлануучулар менен жолуккан соң аларды темир жол тарапка алып барып, далдоо жердеги гараждардын жанынан аларды коркутуу жолу менен зордуктап, баалуу буюмдарын алып кетип калчу. Учурда кылмышка шектүүнүн үстүнөн 4 арыз түшкөн. Дагы бир жабырлануучу арыз жазып, бирок расмий түрдө күч органдарына кайрылуудан баш тарткан. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.