"Бишкектеги кафелердин биринен жаңжал чыгарып, кафенин айнегин сындырган" деген шек менен 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга түнкү саат 02:00 чамасында Алматы көчөсүндөгү кафелердин биринде кардар жаңжал чыгарып, кафенин айнегин талкалаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген милициянын кызматкерлери Аламүдүн районунун Молдавановка айылынын 25 жаштагы С.Я. аттуу тургунун кармашкан. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.