Кезинде бокс боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону аталган мушкер Флойд Мейвезер профессионалдык рингге кайтып келет. Бул жолу анын атаандашы ирландиялык спортчу, эрежесиз мушташ боюнча Дүйнө чемпиону Конор Макгрегор болот. Беттеш бокстун эрежеси боюнча өтөт.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, беттешти Мейвезердин командасы уюштурат. "Учурда биз уюштуруу иштери менен алекпиз. Беттеш жылдын этегинде Лас-Вегас шаарында орун алат", -дейт мушкер.
Айрым маалыматтарга ылайык, бул беттеште Флойд Мейвезер 100 миллион доллар өлчөмүндө гонорар алат. Ал эми Конорго 7 миллион доллар сунушталууда.