№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум: Кылмышкерлер менен жакын камерада отургандар алар качып кеткенден кийин ур-токмокко алынгандарын билдиришти

Бүгүн, 25-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылып, судья Санжар Чотоновдун кароосунда өтүүдө.
Соттук отурумга абактан качкан кылмышкерлердин камерасына жакын камерадагылар суракка алынууда. Алардын бири Темирлан Жороев төмөнкүлөрдү билдирди: "Окуя катталган түнү мен ал абакта болгонума үч күн гана болгон. Абактан качып кеткендерди таанычу эмесмин. Уктап жаткам, саат 23:00 чамасында абактын ичинде ок атылгандай үн чыкты, мен ошондон улам ойгонуп кеттим. Түнкү 12лер чамасында абакка атайын багыттагы жоокерлер (спецназ) келишти. Эшиктерди ачып, баарыбызды сабашты".
Суракка алынган Жанат Чортонбаев: "Ал түнү менин ал абакка камалганыма 3 күн гана болгон. Ок атылган үндөр угулганда биз дароо 12-камераны тыкылдаттык. Бирок ал жактан эч ким жооп берген жок", - деди.
Ал эми абакта 2014-жылдан бери отурган Талантбек Баяманов: "Ал түнү камерада музыка угуп отурганбыз. Бир убакта ок атылды. Биз эшикти тыкылдата баштадык. Күзөтчү келип "тынч эле, өзүбүздүн балдар эле" деп айтып кетип калды, бирок кайсы күзөтчү экенин көргөн жокмун. Кылмышкерлердин качарын билген эмеспиз. Эгер алдын ала билсек, аларды токтотууга аракет кылмакпыз. Себеби биз ошолордун айынан ур-токмокко алындык. Абактын ичинде жихад тууралуу сөз кылбайбыз. Ал түнү да эч кандай чакырыктар болгон эмес", - деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abdurahman
2016-05-25 12:15:21
Токмоктоду деп айттын деп дагы токмоктобосо болду эми
+2
xnurgul_gul
2016-05-25 18:14:30
Abdurahman,+bassam dep
0
aika2013
2016-05-25 12:33:35
Саясатчылардын эле очередной оюну да! Муну жаш балага айтып берсен да кулот! Ылайым Ким уюштурса да ошолордун балдарынан корсун , ылайым! Адилетсиздик!!!!!!!
+2
barakcha
2016-05-25 15:16:13
aika2013,туура айтасын!Абактагыларды сабагандардын ылайым балдары сабалып калсын!Адилетсиздик!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан