Борбордо коомдук дааратканада өзүн өлтүрүүгө аракет кылган аял эс-учун жоготуп ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 12:20 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Ош базарынын" аймагындагы коомдук дааратканалардын биринде аял эс-учун жоготуп жатат" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 29 жаштагы аял өзүн өлтүрүү максатында белгисиз дары-дармектерди ичип алганын аныкташкан. Дары-дармекке ууланган аял тез арада ооруканага жеткирилген.