Бишкекте "12 жаштагы кызды бычак менен коркутуп зордуктаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында "12 жаштагы кызды бычак менен коркутуп зордуктаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү саат 11:25 чамасында милицияга 30 жаштагы Н.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Набережная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен белгисиз жаран күч колдонуп, бычак менен коркутуп 12 жаштагы кызын зордуктап койгонун билдирген. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери окуя болгон жерден кыздын көйнөгүн, ич кийимин, бычак жана колдонулган бет аарчыларды табышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында аталган аймак курчоого алынып, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы М.К. аттуу тургуну кармалган. Жабырлануучуга кылмышка шектүүнү көрсөткөндө ал аны дароо тааныган.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал үйдө эч ким жок экенин билип, тосмодон секирип кирип, кызды бычак менен коркутуп зордуктаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, камакка алынды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Take_men
2016-05-25 13:06:54
Депутаттар киргизгиле олум жазасын!
+7
sgushenka
2016-05-25 13:07:41
Ушундай кабарларды уккум келбей калды..., качан токтойт мындай айбанчылык!?
+4
aibars
2016-05-25 13:31:40
Качан ушундай журокту дуркуроткон акылсыз жаман жооруктардан арылып, жашап жаткан коомчулуктан коркпой жашаар экенбиз!? Качан жалан гана жакшы жанылыктарды угуп калаар кун келеер экен?! Ушундай эки аяктуу ( айбан деп дагы айтышка тил барбайт) айбан дагы мындай ыплас ишке барбайт!!! Эки аяктуу акылсыз!!! Тубунон кесип салыш керек мындайларды!!!
+3
zara__
2016-05-25 13:36:46
Ооба айбан дагы жашы жетелектерине мындай кылбайт.
+2
nalukg
2016-05-25 14:06:39
5 муноттук рахатты туболук азапка алмаштыргандар деп гана айта алам
+2
Elaman.alai
2016-05-25 14:15:18
Адам баласы емес еле мал баласы го эчнерсени билбей кудайды бар деп билбейт окшойт.????????
0
Elaman.alai
2016-05-25 14:22:04
Депутаттар акча алыш байыш учун болдубу олум жазасы болбосода кимди эмне кылды ошо айбанды да ошондой кылып кыйнаш керек.кыргыз элим барсынарбыыыыы?
0
Rifle_3
2016-05-25 14:36:18
Жок дегенде кастрация колдонулсун. Өлүм жазасы киргенче, бычып салуу законго киргизиш керек. Казакстанда бул закон кабыл алынган, химиялык кастрация .
+2
mirbek2211
2016-05-25 14:53:12
Rifle_3,100%колдойм, болбосо мындай окуя күндөн күнгө күчөп эле баратат
0
Xanbiyken
2016-05-25 14:56:10
Олум жазасы керек.
-2
AMIRXAN.AYJAN
2016-05-25 17:14:38
Олум жазасы бир гана башка соз жаза албайм
0
daniyar84
2016-05-25 17:15:14
Атууга окумду киргизуу керек болбосо бул корунуш токтобойт
0
zhykyo
2016-05-25 17:54:29
Китайский тамактардан ушунун баары оюм да
0
Leylektik-77777
2016-05-25 18:39:15
Патириот жигиттерибиз бир убакта гулдоп кетти элего,кутуруп.Ошолор кайда журот ушуга окшогон педофилдерди карабай.Кыргызымдын кыздарынын намысын коргой турган жигиттер барбы? Ушуга окшогондорду бир жанысыл кыла турган.Депутатынар мн милициянарга ишенбей эле койгула,аларга акча болсо болду.
0
Jazi89
2016-05-25 19:04:25
Эми турмодо озун зордойт да ошондой экен ушундай кылмыш мн тушконборду угушум боюнча
0
abdrakhmanovich
2016-05-25 19:15:09
Чоңдорубуз ойлонуп бир мыйзам кабыл алганча канчалган карындаштарыбыздын тагдыры талкаланды!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан