Баткен облусунда чек ара режимин бузган Тажикстандын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү Баткен облусунан чек араны бузуп, Сох районуна өтүүгө аракеттенген 2 жаран кармалган. Кармалган жарандардын айтымында, алар туугандарына барып келүүнү көздөшкөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, аталган жарандар Тажикстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилген.