Жайыл районунда унаа уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

Жайыл районунда унаа уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү милицияга арыз менен Петропавловка айылынын 54 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Фольксваген Гольф 3 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Петровка айылынын Г.М., 20 жаштагы Г.А. жана 15 жаштагы Д.А. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан