Орусияда "кыргыз жеринен көчүп барган 16 жаштагы мас абалдагы кызды жер төлөдө зордуктаган" деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды

Санкт-Петербург шаарында "кыргыз жеринен көчүп барган 16 жаштагы мас абалдагы кызды жер төлөдө зордуктаган" деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү 9-класстын 16 жаштагы окуучусу Акыркы коңгуроо жана өздүк майрамын белгилегенге кетип, айланма каналдын жээгиндеги үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн табылган. Иликтөө иштеринин алкагында кызды зордуктаган бала ага арак ичирип, андан соң зордуктаганы аныкталган. Кызды жер төлөдөн чыгарышканда аны көргөн күбөлөр ал кыргыз жеринен көчүп келген үй-бүлөнүн кызы экенин билдиришкен. Алардын көрсөтмөсүнө ылайык, кыз спирттик ичимдик ичкен, эс-мас абалда болгонун да кошумчалашкан.

"Жабырлануучу кыз 5-балдар ооруканасына жаткырылган. Учурда кылмышка шектүү катары 15 жаштагы өспүрүм кармалып, анын баш коргоо чарасы каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабырлануучу кыз ата-энеси жана агасы менен кыргыз жеринен Орусияга көчүп барган. Учурда алар Орусиянын жарандары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
lolo.1
2016-05-25 18:43:44
Не дешини деле билбейсин тобаа,кунуго ушундай жанылык окуйсун
0
Erl017
2016-05-25 19:04:56
аябай эле ангилер кучоп кеткенби эмне? Кунуно жок дегенде бироо ...
-2
Jonathan88
2016-05-25 21:27:45
Кунажын көзүн сүзүптурго,болбосо Бука жибин узмок эмеско дейм,ошон үчүн эсин барда этегинди жап деп,ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эместир
+1
altyshka_23
2016-05-26 13:08:43
Jonathan88,ушул макалды жакшы эле чыгарып койгон экен ээ
0
Begai_kg
2016-05-26 01:45:03
Кече кутуруп журушкон выпускниктер,рас болот анан,жакшыям тогузду бутушуп атат аа,11ди бутсо не болот эле? Ата-энелеринде,эжекелеринде куноо,айтып деп,козомолдоп турушу керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан