Башкы прокуратура Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган департаменттин жооптуу кызматкерлери 2013-жылдын 27-декабрында базардагы бааларга мониторинг жүргүзбөстөн рентген аппаратын кымбат баада сатып алышкан. Мындан сырткары кызматкерлер аппаратты сатып алуу үчүн эч кандай тендер өткөрбөгөндүгү аныкталган.
"Мыйзам бузуулар менен алынган медициналык аппарат 4 миллион 773 миң сомго сатылып алынып, 1 миллион сом чыгым алып келген. Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан департаменттин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.