Нарын облусунда катталган жол кырсыгында 1 жүргүнчү каза тапты

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда катталган жол кырсыгында 1 жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кочкор-Нарын унаа жолунун 2-чакырымында орун алган. Анда Жигули жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада экинчи унаанын 1980-жылы туулган Садырбек С. аттуу айдоочусунун колу сынып, 1973-жылы туулган Космос Б. аттуу жүргүнчүсү кырсык болгон жерден каза болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар 2 адамды унаадан чыгарып, аларды "Тез жардамдын" кызматкерлерине салып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан