26-май күнү саат 06:30да Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетти.
Очогу өлкө аймагында жайгашып, Көк-Таш айылынан батышты карай 5 чакырымда, Кызыл-Туу айылынан түндүк-чыгышты карай 8 чакырымда, Шамалды-Сай шаарынан чыгышты карай 12 чакырымда, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-батышты карай 13 чакырымда жайгашты.
Жер титирөө Көк-Таш, Кызыл-Туу айылдарында 4,5 балл, Шамалды-Сай, Майлуу-Суу шаарларында 4 балл, Үч-Коргон, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр 3,5 балл, Массы, Кызыл-Жар, Базар-Коргондо 3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.