Кыргыз футболчулары 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу Иран курамасы менен беттешет

7-июнда футбол боюнча улуттук курама команда Иран курамасы менен беттешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде алдынкы сапта турган Иран курамасы менен беттеш Тегеран шаарында өтөт. Бул беттеш Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий жолдоштук беттештеринин тизмесине киргизилди.

"Ливан жана Өзбекстан курамаларынын беттештен баш тартканы футболчуларыбыздын даярдыгына тиешелүү деңгээлде терс таасирин тийгизди. Ошентсе да башка курамалар менен сүйлөшүүлөр уланып, акыркы жакшы жыйынтык чыкты", - деп жазылат федерациянын маалыматында.

Иран курамасы 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жана 2019-жылкы Азия чемпиондугунун тандоо турунда "D" тайпасына бөлүнгөн. Бул тайпада ирандыктар 20 упай топтоо менен Азия чемпиондугуна жолдомо алышты. Эми команда Орусияда өтчү Дүйнө чемпиондугу үчүн күрөштү улантат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы тандоо турунда "В" тайпасында ойноду. Жыйынтыгында команда тайпада 14 упай топтоо менен 3-орунду ээледи (алдыда Австралия - 21 упай, Иордания - 16 упай). Биздин курам Дүйнө чемпиондугу үчүн күрөштөн чыгып, Азия чемпиондугуна жолдомо алуу аракетинде.

Кошумчалай кетсек, Иран курамасы 2014-жылы Бразилияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, Аргентина, Нигерия, Босния жана Герцеговина курамалары менен бир тайпада ойногон. Жыйынтыгында 2 оюнун уттуруп (Аргентинага 1:0 эсебинде, Боснияга 3:1 эсебинде), Нигерия менен тең эсепте ойногон (0:0).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ali1995
2016-05-26 10:23:27
азаматтар!эми ийгилик жениш болбосода оюн корсотуп келгиле жакшы
0
gena_alai
2016-05-26 10:30:10
Ийгилик каалайбыз)! Алга Кыргызстаным!
0
Aduk_aksuu
2016-05-26 10:30:20
Жакшы жанылык . Ушундай кучтуу командалар менен ойнош керек тажрыйба алат
0
aash
2016-05-26 13:50:04
Aduk_aksuu,Ото эле кучтуу эмесби?)
0
daniyar93
2016-05-26 10:31:15
ФФКР Азамат, Иран менен Кыргызстандын Сборныйлары (Олимпиадалык) Акыркы Жолу 2014- жылы ИНЧХОН до откон Азия Оюндарында Таймашкан Жана Тен чыгуу Катталган
0
Urmat-1989
2016-05-26 11:56:36
эн сонун
татыктуу оюн корсотсун эми ирандыктарга каршы
0
aidartegin
2016-05-26 11:57:16
эми ушулар Башкаларга окшоп орто жолдон баш тартпай ойнойт деген ишеничтебиз... ийгилик, Месси менен ойного мамлекеттии уткула/!

0
ruslankg
2016-05-26 22:32:25
0:3 утуп аргентинаны тан калтыргылачы,ушул ойунда утушса анда кыргыз футболчуларынын абройу которулот булда болсо бир шанс алга кыргызстан!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан