Бишкекте белгисиз адамдар 2 жаранды катуу сабап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 23:05 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө 4-кичи райондо жаранды сабап кетип, эс-учу жок абалда экени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер эки жабырлануучуну белгисиз жарандар сабап кетишкенин аныкташкан. 30 жаштагы мас абалдагы жаран башынан оор жаракат алган. Ал эми 32 жаштагы жабырлануучунун баш мээси чайкалып, мурду сынган. Аталган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жеткирилишкен.