Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында "4 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүп, башын кесип салган" деген шек менен кармалган Гүлчехра Бобокулованы камакта кармоо мөөнөтү дагы 2 айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимге буга чейин "жашы жете электи өлтүрүү", "мүлктү өрттөө" жана "террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айыпталган Бобокулованын Психоневрологиялык диспансерде 12 жыл бою дарыланганы себеп болгон.
"Сотко алынып келинген кылмышка шектүү бул чечимге каршы экенин билдирген. "Мени Самаркандга кетиргиле, үй камагына, мени ошол жакта дарылашсын" деп айткан Бобокулова өз сөзүндө. Ал эми судьянын "Сиз психикалык жактан жабыркайсызбы?" деген суроосуна "ооба" деп жооп берген. Сот Бобокулованы 29-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Ага комплекстүү экспертиза дайындалды. Учурда ал Бутырка СИЗОсундагы психиатриялык ооруканада", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин кылмышка шектүү аял 15 жыл шизофрения менен ооруган.