Быйыл Индияда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу орун алат. 15-сентябрда старт алып, 2-октябрда жыйынтыктала турган мелдештин катышуучулары бүгүн, 26-майда чүчү кулактын негизинде 4 тайпага бөлүнүштү. Мелдешке жалпысынан 16 команда катышат.
Сокур чүчү кулактын негизинде Кыргыз Республикасынын 16 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы "В" тайпасынан орун алды. Машыктыруучу Самат Сүймалиевдин шакирттери тайпалык баскычта Австралия, Япония жана Вьетнам курамалары менен ойношот.
Тайпалар жана атаандаштар төмөнкүчө:
“А” тайпасы: Индия, Иран, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары
“В” тайпасы: Австралия, Япония, Вьетнам, Кыргыз Республикасы
“С” тайпасы: Түштүк Корея, Малайзия, Оман, Ирак
“D” тайпасы: Түндүк Корея, Өзбекстан, Таиланд, Йемен