Машыктыруучу Самат Сүймалиев: "Өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугунда алдынкы 4 орундун бирин ээлешибиз керек"

Бүгүн, 26-майда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында өтчү Азия чемпиондугунун чүчү кулак таштоо аземи орун алды. Анда өлкөнүн өспүрүмдөр курамасы "В" тайпасына түшүп, тайпада Австралия, Япония жана Вьетнам курамалары менен ойномой болду.

КРнын өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев чүчү кулак таштоо аземинин жыйынтыгы тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Бул Азия чемпиондугунун финалдык баскычы, андыктан бул баскычта оңой атаандаш жана оңой оюн болбойт. Бардык командалардын деңгээлдери дээрлик бирдей. Биз команданы жарым финалга чыгарып, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алууну максат кылганбыз. Бул үчүн ар бир атаандаш менен ар бир упайды талашууга туура келет".

Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу Индияда өтөт. Мелдешке 15-сентябрда старт берилет.

Кыргыз футболчуларынын тайпалык баскычтагы оюндары:

16-сентябрь: Австралия - Кыргыз Республикасы

19-сентябрь: Кыргыз Республикасы - Япония

22-сентябрь: Вьетнам - Кыргыз Республикасы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bolsunalban
2016-05-26 17:09:04
Алга!!!
0
jigit.paren
2016-05-27 03:44:16
Алга Кыргызстаным, Барсадан Эрболду Бешикташтан Автандилди чакырсаңар финалга отөсүңөр точна.
+4
ariet97
2016-05-27 10:08:03
Kg kuramasy kandai bolot ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан