Бишкек шаарындагы батирлердин биринен 124 даана ок жана жардыруучу заттар табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын М.Р. аттуу жашоочусунун Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү иштеринин алкагында батирден 124 даана ок жана араб тилинде жаздырылган дисктер, радиотелефон, 3 даана белгисиз жардыруучу зат жана арабча жазуулары бар булгаары кур табылган. Учурда табылган буюмдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.