Американын Колорадо, Канзас, Техас штаттарында катталган торнадо 6 турак жайды бузуп, 2 адам оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү АКШнын 5 штатында 26 ирет торнадо катталган. Анын ичинен 12 торнадо Канзас штатында орун алса, калгандары Мичиган, Оклахом, Техас, Колорадо штаттарында болгон.
"Дарыя, деңиздердеги суунун деңгээли 15-30 сантиметрге көтөрүлүп, жолдорго чейин жеткен. Катуу шамалдын ылдамдыгы саатына 90-100 чакырымга жетип, 6 турак жай бузулду. 2 адам оор жаракат алды. Метеорологдордун маалыматына ылайык, шамалдын жүрүшү менен коштолгон катаал аба ырайы жуманын аягына чейин созулмакчы", - деп айтылат маалыматта.