Өткөн суткада өлкөдө 2 өрт кырсыгы катталып, Жайыл районунда көмүркананын чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анда Пионерская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосундагы көмүркананын 9 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 5 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан