Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.
Соттук кароодо айыпталуучу окуя болгондон кийин колдонгон такси кызматтарынын айдоочулары суракка алына баштады. Алардын бири Ремир Пак төмөнкүлөрдү билдирди: "Саат 01:00 чамасында Ала-Арча-2 районунда (Абдрахманов көчөсүндө) унаамда отурсам жаныма бир кыз келди. Ал менден Ахунбаев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин жеткирүүнү өтүндү. Кетип баратып жолдон акча алмаштыруучу жайга токтодук. Андан кийин ал ага бензин керек экенин айтты. Абдрахманов-Донецкий көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайдан 200 сомго бензин сатып алып, аны желим идишке куйдук. Кийин ал өзү түшкөн жерине айдатып келип, кайра эле ошол жакта калган".
Анын айтымында, бейтааныш кардар бензин сатып алгандан кийин анын күйөөсүнүн унаасы бузулуп калып, от албай жатканын билдирген.
"Мен аны эстеп калган жокмун", - деп кошумчалады ал.
Ал эми суракка алынган Жыргалбек Мусабеков аттуу экинчи таксист саат 06:00 чамасында Совмин (шаардын түштүк тарабы) шаарчасына чакыруу түшкөнүн билдирди.
“Чакырылган дарекке келгенимде 2 баласы менен келин чыкты. Ал подъездде палас бар экенин айтты. Палас багажникке батпай, аны унаага салууга туура келди. Анан Абдрахманов-Донецкий көчөсүндөгү унаа жуучу жайга бардык. Кардар паласты ошол жакка калтырды. Ал жактан Манас-Ташкент көчөлөрүнүн кесилишине жеткирдим, келин эки баласын ошол жакка калтырып чыкты. Андан кийин келин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде калды. Ал мага 300 сом төлөдү”, - деди ал өз көрсөтмөсүндө.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.