"Дордой" футболдук клубунун 2003-жылы туулган футболчулардан куралган командасы ("Дордой-2003") учурда Италиянын Милан шаарында жүрөт. Команда Миландагы 32 мамлекеттин футболдук командаларын чогулткан "Футбол достук үчүн" форумуна өлкө атынан катышууда.
Футболчулар форум алкагында уюштурулуп жаткан "9 баалуулук кубогу" мелдешинде күч сынашат. Бүгүн, 27-майда мелдешке катышып жаткан 32 команда төрт-төрттөн 8 тайпага бөлүндү. "F" тайпасына бөлүнгөн кыргыз футболчуларынын тайпадагы атаандаштары Армениянын футбол академиясынын футболчулары, "Берое" клубу (Болгария) жана "Double Dutchie" клубу (Голландия) болмокчу.
Оюндар "Сан-Сиро" стадионунда өтөт. Бул стадиондо эртең, 28-майда Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши орун алат. Анда мадриддик клубдар "Реал" менен "Атлетико" беттешет. Форум аяктаган соң оюнчулар "Реал"-"Атлетико" беттешине жандуу күбө болушат.