Борбор калаада катталган жол кырсыгында 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 02:45 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "Токомбаев-Түштүк магистралда унаа зым карагайды сүздү" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер 20, 19 жаштагы эки жигит жана 19 жаштагы кыз ар түрдүү жаракаттарды алганын аныкташкан. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага баруудан баш тартышкан.