Талас облусунда токойго эс алууга барган 9-класстын окуучуларынын бири уруксатсыз айдап кеткен унаа менен классташын тебелеп алды. Башынан оор жаракат алган окуучу ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү 9-класстын 6 окуучусу 8-класстын 6 окуучу кызы менен токойго эс алганы барышкан. Атасынын уруксаты жок ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап барган окуучу саат 16:00 чамасында унааны айдап жатып унаанын артындагы классташын көрбөй калган. Ал унаага чыга албай кулап, башы дөңгөлөктүн алдында калган.
"Башынан оор жаракат алган окуучу окуя болгон жерден каза тапкан. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан.