Жалал-Абад облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

27-май күнү саат 12:11де Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жетти.

Очогу өлкө аймагында Тахталы тоо кыркасында жайгашып, Кетмен-Төбө айылынан түштүк-батышты карай 8 чакырымда, Көк-Бел айылынан түштүк-батышты карай 8 чакырымда, Бор-Дөбө айылынан түндүк-батышты карай 15 чакырымда, Токтогул шаарынан түштүк-чыгышты карай 25 чакырымда, Кара-Көл шаарынан түштүк-батышты карай 30 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Кетмен-Төбө, Көк-Бел, Бор-Дөбө айылдарында 4 балл, Токтогул, Кара-Көл шаарларында 3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arslan12
2016-05-27 20:28:49
Кудайым сактай кор боодо кырсыктан!
+1
Kutya95
2016-05-27 23:35:14
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан