Футбол. Бүгүн Чемпиондор Лигасынын финалында "Реал" менен "Атлетико" беттешет

Бүгүн, 28-майда Милан шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы орун алат. Бул жолу испаниялык клубдар "Атлетико" менен "Реал" беттешет. Финал алдында машыктыруучулардын жана оюнчулардын ойлоруна орун беребиз.

Албетте, 2 жыл мурунку финалда бул командалар ойноп, анда "Реал" утуп чыккан (4:1 эсебинде). Футбол серепчилери кайсы бир команданын ишенимдүү утарын так болжой албай жатышат.

Чейрек финалда "Барселонаны", жарым финалда "Баварияны" чемпиондук жарыштан четтеткен "Атлетикого" учурда күйөрмандык кылгандар 2 жыл мурункуга салыштырмалуу кыйла көп.

Маалымат үчүн:

- "Реал" тарыхында Чемпиондор Лигасын 10 ирет уткан. Мындай бийиктикти бир дагы европалык клуб багынта алган эмес.

- "Атлетико" 113 жылдык тарыхында аталган мелдешти бир да жолу утуп көргөн эмес.

- Машыктыруучулук карьерасында Диего Симеоне командасын Чемпиондор Лигасынын финалына экинчи ирет алып чыкты.

- Зинедин Зидан буга чейин жаш футболчуларды машыктырып келген. Чемпиондор Лигасынын финалына машыктыруучу катары алгачкы жолу жетти.

Майданга чыга турган болжолдуу курам:

"Реалдын" курамы: Навас; Карвахаль, Пепе, Рамос, Марсело, Каземиро, Кроос, Модрич, Бейл, Бензема, Роналду.

"Атлетиконун" курамы: Облак, Хуанфран, Годин, Хименес, Филипе Луис, Коке, Габи, А. Фернандес, Сауль, Гризманн, Торрес.

Финалчылар эмне дешет?

Диего Симеоне, "Атлетиконун" машыктыруучусу:

"Оюндун башында, албетте, атаандаштын басымы, толкундануулар болот. Каземиронун жардамы менен "Реал" атаандаштын чабуулун токтотууда мыкты ойноп жатат. Жарым талаадагы топ талашта уткан команда артыкчылыкка ээ болот. "Реал" оюнчуларынын жогорку чеберчилигине таянып, ачык футбол ойноого аракет кылат. Биздин команда улам кийинки бийиктиктерге умтулууда. Жашоо, футбол деген ушундай, иштеп, издеп, анан акыры максатка жетмей. Финалда ойноо - фантастика, бирок утуп чыгуу андан артык нерсе".

Зинедин Зидан, "Реалдын" машыктыруучусу:

"Бизди алдыда кыйын оюн күтүп турат. Финалга 2 апта даярдандык, оюнчулар майданга чыкчу саатты чыдамсыздык менен күтүп жатышат. 2014-жылы финалда ойногон оюнчулардын айрымдары азыр катарыбызда жок. Ошентсе да команда ошол философияны сактап калган".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (64)
ademi_adil
2016-05-28 23:56:40
Атлетико алга
+3
Il9s
2016-05-29 00:19:14
Кайсыл сайттан онлайн корсом болот.ссылкасын бергилечи
+1
Adi.Avazbekov
2016-05-29 00:21:24
Real
-1
Adi.Avazbekov
2016-05-29 00:23:43
Real udachi
+1
Chyngyz79
2016-05-29 01:18:28
Реал- Атлетико 1-0 Серхио Рамос
+3
Gulya21
2016-05-29 01:27:38
Real
+1
aibars
2016-05-29 03:40:53
Real Uttu
+4
gulaza
2016-05-29 03:47:23
Урааа реал
+4
quick
2016-05-29 03:59:56
Реал чемпион
+4
Jyrgal_msk
2016-05-29 04:07:07
5:3 эсебинде пенальтилер сериясында Реал 11-жолу чемпион болду!
+3
BOSSFR
2016-05-29 04:16:50
Ыыыыыы атлетикого болееттеткендер ит болду
0
ATLETICO
2016-05-29 04:30:26
BOSSFR, Ыыыыыы былтыркы финалда ювентуска, Испания кубогундагы финалда севильяга болеет этип ит болгондорго окшоппу?))))
-2
ATLETICO
2016-05-29 04:31:49
Эххх Атлетико Атлетико, ишеничти актай албадынаргооо. Макул эми эмки жылы бир нерсе кылабыз эми сабр!)))
-2
Madridiska
2016-05-29 04:36:36
Реал Мадрид чемпион!
+2
Elaman.alai
2016-05-30 08:50:31
Реал чемпион
+1
admin_portal
2016-05-30 11:18:25
adisum, темадан алыстабаңыз! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан