Спортчу Мирбек Сарткалмаков тай бокс боюнча Швецияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. 60 килограмм салмакта рингге чыккан спортчу алгач Түркиянын өкүлүн, андан соң Гонконгдун спортчусун уткан. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Жарым финалда ал марокколук Нэйт Элгази Салах-Эддин менен беттешип, утуп алган. Алтын үчүн болгон беттеште спортчубуз Вьетнамдын өкүлүнө утулуп калды.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште атактуу бир тууган Шевченколордун улуусу Антонина Шевченко алтын медаль тагынды. Ал мелдешке Перу мамлекетинин желеги астында катышкан.