Кадамжайда селде дайынсыз жоголгон 3 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел агымында дайынсыз болгон 3 жаштагы Элдар Жороевди издөө иштерине КРнын ӨКМнын 83 куткаруучусу тартылган. "Буга чейин сел агымында калган унаанын жанынан Э.Жороевдин кийимдери табылган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 28-май күнү Кадамжай районунда катталган селден 5 адам каза таап, 15 унаа жабыркаган. Орозбеков, Бирлик, Масалиев, Көтөрмө айыл аймагында жана Кадамжай шаарында, Жийделик айылында электр мамылары селден зыянга учурап, 4400 жашоочу электр жарыгысыз калган.