29-майда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" деген ураан алдында Республикалык Спартакиада старт алды. Бул тууралуу Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июнга чейин созула турган мелдешке бардык аймактардан 650 спортчу катышууда. Мелдештин программасында 7 спорт түрү (ордо, жеңил атлетика, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, армрестлинг, волейбол, футбол) бар.