Кечээ, 29-май күнү Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын достук жана маданият коомунун кеңсесинде КРнын Эл артисти, обончу, композитор Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган коомдон билдиришти.
"Кечеге Анкарада эмгектенип жүргөн мекендештер, билим алып жүргөн студенттер катышты. Көптөн бери чет жерде жүрүп кыргыз үнүнө зар болгон мекендештер мекенге болгон сагынычын таркатып алышты. Агайыбыз өзүнүн кыргыз маданияты үчүн жасап жүргөн долбоорлору, иштери, максаттары жана басып өткөн чыгармачылык жолу тууралуу кенен айтып берди. Чыгармачылык деп жүрүп башынан өткөн кызыктуу окуялар, жазып бүтүргөн жана дагы деле жазууну улантып жүргөн китептери тууралуу да баяндап берди. Кеченин аягында Анкара университетинин профессору, КДМК Анкара өкүлчүлүгүнүн Башкаруу кеңешинин мүчөсү Гүлзура Жумакунова ардактуу конокторубузга коомубуздун атынан белектерин тапшырды", - дейт Достук жана маданият коомунун башкы катчысы Адилет Абишов.
Ошондой эле кечеде Түгөлбай Казаков келген мекендештерге өзүнүн чыгармаларын комуз менен аткарып, студенттер гитаранын коштоосунда “Алтын балалык”, ”Жамгыр төктү” ырларын ырдап, атайын обончуга арналып жазылган ыр саптарынан окуп беришти.