Бий спорту боюнча Орусияда өткөн мелдеште кыргыз спортчулары байге алышты

21-22-май аралыгында Орусиянын Оренбург шаарында бий спорту боюнча "Весенний блеск-2016" мелдеши орун алды. Мелдешке Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынан жалпысынан 1300 спортчу катышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Кыргыз Республикасынын желеги астында өнөр көрсөткөн Даниэль Ранжан жана Арина Барвенко жуптугу ийгилик жаратты. Алар 3 багытта жеңүүчү аталып, кубок жана алтын медалдар менен сыйланышты.

Жыйынтыгында кыргыз өлкөсү мелдештен 3 алтын медаль, 1 күмүш медаль жана жеңүүчүнүн кубогу менен кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akyn-jurogu
2016-05-31 08:58:57
Менин окуучуларым жакшы орундарды алган турбайбы! Молодцы!
-2
tim11ai
2016-05-31 12:40:34
Азаматтар! Баракелде!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан