SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Синди Кроуфорд - мырзалардын кыялы" аттуу видео жүктөлдү.
Америкалык супермодель Синди Кроуфорд бул жылы 50 жашка толду. Видеодо көпчүлүк мырзалардын кыялы болгон моделдин чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу кыскача баяндалат.
Модель биринчи күйөөсү Ричард Гир менен 4 жыл бирге жашагандан кийин ажырашып кеткен. 1998-жылы учурдагы күйөөсү Рэнди Герберге турмушка чыгып, андан бир уул, бир кыз төрөгөн. "Эне болуу - чоң бакыт" деген модель учурда уул-кызын тарбиялап, алардын жаңы башталган моделдик карьерасына колдоо көрсөтөт. Сулуу айым 50 жашка чыкса да жаш бойдон көрүнүүнүн сырлары спорт менен машыгуу экенин айтып, жаш энелер үчүн көнүгүүлөрдүн бир нече түрүн иштеп чыккан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.