Ноокат районунда аймактык милиция кызматкери 10 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат РИИБинин кызматкери жергиликтүү М.А. аттуу жарандын унаасынын документин, анын ачкычын, ошондой эле 200 сом акчасын тартып алган. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн кайра андан 20 миң сом талап кылган.
Райондук прокуратура кызматкерлеринин иликтөө иштеринин алкагында Ноокат РИИБинин Ш.Ж. аттуу кызматкери 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.